Жаңылыктар
Ката аттестаттар боюнча кылмыш иши козголду
Билим
Ката аттестаттар боюнча кылмыш иши козголду

 Аттестаттардагы каталар боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки тергөө иштери башталды. 

Бул тууралуу  “Биринчи радиого” аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Сотко чейинки тергөө амалдары учурунда 2019-жылы орто мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөргө   ката жазылган 95 миң аттестат тапшырылган. Анда "жөнүндөгү" деген сөздөгү "н" тамгасынын ордуна "ң" тамгасы жазылган.  Ошондой эле Нарын облусундагы Туз айылында бүтүрүүчүлөргө берилген аттестаттын орусча жазылган жеринде "реднюю" деген сөз ашыкча жазылган.  Учурда  бул  боюнча  иликтөө иштери жүрүп жатат.