Жаңылыктар
Салянованын баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калды
Кылмыш
Салянованын баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калды

 

 

Аида Салянова 26-августка чейин убактылуу кармоочу жайда калтырылды. Бишкек шаардык соту экс-баш прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карап, аны өзгөртүүсүз калтырды. Адвокат буга чейин Биринчи май райондук сотунун Салянованы 26-августка чейин камакта калтырган чечимине каршы шаардык сотко даттанган.
Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган. Эки күндөн кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган.
21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын карап, аны канааттандырган эмес.