Жаңылыктар
Кулматов - Ибраимов: сот «Дастан» заводунун эпизоду боюнча сурак алды
Коррупция
Кулматов - Ибраимов: сот «Дастан» заводунун эпизоду боюнча сурак алды

 

Бүгүн   Ленин райондук сотунда  Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму уланууда.  

Мамлекеттик айыптоочулар күбөлөрдү «Дастан» коомунун  эпизоду боюнча сурашты. 

Мурдагы  мэрлер жана башка айыпталуучулар Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу, «Дастан» коомунун  каражатынын сарпталышы жана муниципалдык жерлерди берүүдөгү коррупцияга байланыштуу айыпталууда.