Жаңылыктар
Молдакун Абдылдаевдин сөөгү ишемби күнү жерге берилет
Өзгөчө кырдаал
Молдакун Абдылдаевдин сөөгү ишемби күнү жерге берилет

Көкөмерен суусуна үй-бүлөсү менен түшүп кетип каза болгон Өкмөттүн  Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин сөөгү ишемби күнү жерге берилет. 

Бул тууралуу  “Биринчи радиого” облус жетекчилигинен   билдиришти.  Абдылдаевди  акыркы сапарга узатуу зыйнаты  6-июлда, саат 10.00дө  Бишкектеги  Кара-Жыгач конушунун Лев Толстой көчөсүндөгү  №39 үйүндө өтөт. Сөөгү  Көк-Жар айылынын көрүстөнүнө коюлат. 

Эске салсак, 30-июнда Көкөмерен дарыясына ичиндеги 5 адам менен Ниссан Террано маркасындагы автомашина кулаган.  Издөө иштеринин натыйжасында 3 кишинин сөөгу табылды. Учурда  эне баланын  сөөгү  изделүүдө.