Жаңылыктар
Иркутск облусундагы суу ташкынынан улам 340 адам ооруканага жаткырылды
Дүйнө
Иркутск облусундагы суу ташкынынан улам 340 адам ооруканага жаткырылды

Анын элүү тогузу жаш балдар. Суу ташкындан жалпы 2126 адам жабыр тарткан. Алардын 21и каза болгон. 1767 жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөн. 

Учурда 340 адам ооруканага жаткырылган. Абалы белгисиз болуп келген 24 жаран аман-эсен табылды. Дагы 13 киши изделүүдө. 

Эске салсак, Иркутск облусунда болгон катуу жаандан улам Ангара өзөнүндө суу ташып, бир нече район суу астында калган. 27-июнда аймакка өзгөчө кырдаал тартиби киргизилген.