Жаңылыктар
Спортчу Улукбек Сансызбаев күрөш боюнча чемпионатта коло байгеге ээ болду
Спорт
Спортчу Улукбек Сансызбаев күрөш боюнча чемпионатта коло байгеге ээ болду

Кыргызстандык жаш спортчу Улукбек Сансызбаев Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өтуп жаткан жаштар арасындагы  күрөш боюнча чемпионатта коло байгеге ээ болду. 

Сансызбаев 48 кг чейинки салмакта күч сынашып, коло байге үчүн болгон беттеште Тажикстандык атаандашын утуп ишенимдүү жеңишке жетти. Мындан мурда 45 кг чейинки салмакта Разак Бейшекеев  финалга чыгып,күмүш медал тагынган. Эске салсак жаштар арасындагы күрөш боюнча чемпионат Нур-Султан шаарында 4-июнь күнү башталган.