Жаңылыктар
«Витязь» же «Ала-Тоо» эс алуу үйлөрүн агартуучуларга өткөрүү сунушталууда
Билим
«Витязь» же «Ала-Тоо» эс алуу үйлөрүн агартуучуларга өткөрүү сунушталууда

 Агартуучулардын эс алуусу үчүн «Витязь» же «Ала-Тоо» пансионатын Билим берүү жана илим министрлигине берүүнү эл өкүлү Евгения Строкова сунуштады.

 

Мугалимдердин кесибинин маанилүүлүгү мугалим күнүндө гана эске алынаарын айткан депутат айым, агартуучулардын эс алуусун уюштуруу зарыл экенин белгиледи. Көпчүлүк мекеме-ишканалардын жеке пансионаты бар. «Витязь» же «Ала-Тоо» пансионаттарын Билим берүу жана илим министрлигинин карамагына өткөрүп берүү сунушталды. 

Аны менен мугалимдер Ысык-Көлдө эс алып, ар кандай семинарларды дагы ошол өткөрө алышат. Эл өкүлү мындай сунуш менен Өкмөткө кайрылган, бирок жооп болгон эмес.