Жаңылыктар
Баткенде телерадио көрсөтүүнүн сапаты текшерилүүдө
Аймак
Баткенде телерадио көрсөтүүнүн сапаты текшерилүүдө

Баткен облусунда телерадио көрсөтүүнүн сапаты текшерилүүдө. КТРКнын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн жана республикалык радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү өндүрүштүк бирикмесинин адистеринен турган топ ар бир теле мунараларды текшерүүгө алышты.

КТРКнын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Искендер Касымов Баткен районунун аймагында толкундардын таркалуу сапатын дыкаттык менен текшерүүдө. Анткени, коомдук каналдын көрсөтүүлөрү өз көрүүчүлөрүнө сапаттуу жеткирилүүгө тийиш. Ошол эле учурда радиотолкундар да угармандарга тунук таралуусу керек.

Телерадио толкундарын элге сапаттуу жеткирүүдө радиорелейлик станциялардын кызматкерлеринин түйшүгү чоң. Ар бир жабдыкты бийик чокуларга ат баспаган жолдордон чыгарышат. Ал эле эмес кандай гана татаал шарт болбосун 2 айда бир ирет текшерип, иштен чыккандарын оңдоп туруу милдети да жүктөлгөн.

Баткен районунун аймагында 12 автоматтык телечагылдыргычтар орун алып, толкундар жетпей калган аймактарга орнотулган. Жергиликтүү бийлик аны сактоо үчүн имарат жана электр энергиясы менен камсыздаганга милдеттүү. Айрым жерде кымбат баалуу жабдыктардын коопсуздугу сакталган эмес.

Биз сөз кылган автоматтык телечагылдыргыч Суу-Башы айыл өкмөтүндө орун алган. Бийиктикте тургандыктан катуу шамал чатырын учуруп, баалуу жабдык кооптуу абалда турат. Ал эле эмес жыгачтан жасалган эшиги да талапка жооп бербейт. Айыл өкмөт башчысы бул кемчиликтерди тез аранын ичинде жоюуга убада берди.

Баткенде кыргыз телекөрсөтүүлөрү алгачкы ирет 1976-жылдын 8-мартында көрсөтүлө баштаган. 2008-жылга чейин аналогдук режимде саналуу гана телеканалдар көрсөтүлсө, бүгүнкү күндө 15 канал санариптик калыпта обого чыгууда. Коомдук телерадиокомпаниясы өз берүүлөрүн көрүүчүлөргө сапаттуу жеткирүүгө ар дайым болгон аракетин жумшап келет.