Жаңылыктар
Сауд Аравия кыргызстандык зыяратчылар үчүн кошумча дагы 500 орун бөлдү
Дин
Сауд Аравия кыргызстандык зыяратчылар үчүн кошумча дагы 500 орун бөлдү

Сауд Аравия кыргызстандык зыяратчылар үчүн кошумча дагы 500 орун бөлдү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. 

"Квоталар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын суранычы менен жүзөгө ашырылган. Эми ал Улуттук статистика комитетинин берген маалыматынын негизинде калктын санына жараша район, айыл өкмөттөргө ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб тарабынан бөлүштүрүлдү", — деп айтылат маалыматта. 

Муфтияттан билдиришкендей, 2019-жылы 500 доллар төлөп, ажылыкка баруу үчүн каттоого алынып, бирок кезек күтүп турган жарандар эми аймактык кезек боюнча ажыга барууга мүмкүнчүлүк алышты. 

Алар 3 000 доллардан калган 2 500 долларды "РСК банкына" 2019-жылдын 8-июлуна чейин төлөшү керек. Эскерте кетсек, буга чейин Сауд Аравия Падышачылыгы Кыргызстанга 5 510 орун бөлгөн. 

Эми жалпы келген квотанын саны 60 10ду түздү. Быйыл зыяратчылардын алгачкы тобу 17-июлга караган түнү саат 3:45те Бишкектен Мекке шаарына учуп кетет. Жалпы жонунан 18 каттам каралган.