Жаңылыктар
Кыргызстанда саясий кырдаал туруктуубу же жокпу?
Саясат
Кыргызстанда саясий кырдаал туруктуубу же жокпу?

"Демократия жана жарандык коом үчүн" коомдук бирикмеси Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал боюнча сурамжылоо жүргүздү. 

Сурамжылоо 2019-жылдын 28-майынан 8-июнуна чейин жүргөн. Анын жыйынтыгын сунуштайбыз.

1. Кыргызстанда саясий кырдаал туруктуубу же жокпу?

Албетте, туруктуу - 9,1 %

Туруктуу - 29 %

Туруксуз - 17,6 %

Албетте, туруксуз - 13,5 %

Жооп бере албайм - 30,9 %


2. Акыркы 6 айдын ичинде кандай саясий окуялар жарандардын кыжырына тийди?

Ысык-Көлдөгү уран кенин казуу маселеси - 13,1 %

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушунда айыпталып, экс-министр Сагинбаеванын кармалышы - 7,7 %

Раим Матраимовго байланыштуу - 13,3 %

КСДП партиясынын ыдырашы - 10,4 %

Эч кандай - 23,5 %


3. Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга көз саласызбы? 

42,7 % "ооба" деп жооп берген. Алардын 17,7 % дайыма кулак салып турса, 25 % маал-маалы менен кызыгып турарын айтышкан. 

Ал эми 57,3 % өлкөдөгү саясий кырдаалга кызыкпай тургандыгын билдирген.