Жаңылыктар
ЖЭБтеги коррупция: "Кылым чуусу"
Коррупция
ЖЭБтеги коррупция: "Кылым чуусу"

Акыркы чейрек кылымдан бери Кыргызстандын өнүгүүсүнө бут тоскон негизги көйгөйлөрдүн бири бул жемкорлук. Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын коррупциялашып, карапайым калктын кызыкчылыгы акыркы орунда калып калганы өлкөдөгү эки ыңкылапка алып келди. Бир гана сот органдары эмес, миллиондогон долларлар үлкөн атка минээрлердин да чөнтөгүнө кетип, тагыраак айтканда эки ууч эле адам карапайым калктын ырыскысына кол салып жатат деп так кече айтсак болот.

Мурдагы бийликтин тушунда орун алган ири коррупциялык схемалардын бири Бишкек жылуулук электр борборунун модернизациясы экени баарыбызга белгилүү. Оңдоп түзөө иштерине 400 млн долларга жакын каражат коротулуп, жыйынтыгы кыш чилдесиндеги кырсык. Андыктан коррупциянын масштабын иликтөө Кыргызстанда алдыдагы жылдардагы негизги темалардын бири болот.