Жаңылыктар
Аймактарды өнүктүрүү өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири
Экономика
Аймактарды өнүктүрүү өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Алдыга коюлган тапшырмалар бардык өлкө аймагында аткарылып, жаңы калкты тейлөө борборлору ачылып жатат. Мунун бардыгы жарандарга шарт түзүү максатын көздөйт. 

Учурда өлкө аймагында 17 калкты тейлөө борбору болсо, анын төртөө борбор калаада. Июль айынын соңунда тейлөө борборунун жаңы имараты Ош шаарында, ал эми жыл соңуна чейин өлкөнүн башка аймактарында ачылганы турат.