Жаңылыктар
Атамбаев саясий билдирүүлөрдү таратуу менен алек болуп калдыбы?
Саясат
Атамбаев саясий билдирүүлөрдү таратуу менен алек болуп калдыбы?

Узап бараткан апта өлкөдө ар кандай саясий окуялары менен дагы бай болду. Адатта бул убакта элдин көбү жайкы эс алууда, айрым дубандарда тескерисинче жайкы сезон маалында болушунча көп туристтерди тозуп, жайды тынч жана кирешелүү кылып өткөрүп алууга дилгир.

Бирок, акыркы бир нече жумадан бери кыргызстандыктар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы окуяларга күбө болуп келе жатышат. Жогорку Кеңеште анын кол тийбестигин алуу маселеси талкуулана баштагандан бери же Кой-Ташта же Форумдун алдында өнөктүктөр өтүп, Атамбаев өзү болсо ар кандай билдирүүлөрдү таратуу менен алек.