UFC боюнча америкалык мушкер Хорхе Масвидаль атаандашы Бен Аскренди беттештин башында эле нокаутка кетирди. Мелдеш "UFC 239" турниринин алкагында Лас-Вегас шаарында өткөн. Турнирдин башында Масвидаль атаандашын секирип келип тизеси менен башка тепкенде, Аскрен эс-учун жоготуп жерге жыгылган.
Ошентип, беттеш болгону беш секунд гана болду. Буга чейин эң ыкчам нокаут 1996-жылы катталып, мушкерлердин кармашы сегиз секундага гана созулган.