Жаңылыктар
Кыргызстандык балбандар Азия чемпионатына барат
Спорт
Кыргызстандык балбандар Азия чемпионатына барат

Кыргызстандык балбандар Азия чемпионатында күч сынашат. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматына ылайык, биринчилик 9-июлдан 14-июлга чейин Таиланддын Чонбури провинциясында өтөт. 

Мелдешке Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышат. Алар грек-рим, эркин күрөш боюнча ат салышат. Балбандарды аталган чемпионатка катыштыруу үчүн мамлекет тарабынан 2,5 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү.