Тарых жана мадният жылына карата К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында "Оозеки салттагы адистик өнөрдүн аспапчылык багыты" деп аталган семинар-концерт болуп өттү.
Семинардын максаты - кыргыз салттык аспаптык аткаруучулук музыкасынын тарыхы, аны сактоо жана өнүктүрүү менен этнопедагогикадагы салымын аныктап, жаштарга үйрөтүү.
Семинарга ар облустан келген коноктор катышты. Ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү, илимий ишмерлер, окутуучулар, аспаптык чебер аткаруучулар салттык музыканын мындан аркы өнүгүшү тууралуу талкууга катышып, ойлору менен бөлүштү.
Мындан сырткары семинарга катышкан маданият тармагынын өкүлдөрү өзүнүн чыгармачылыгы менен да бөлүштү. Кыргыз салттык музыкасынын мындан аркы өнүгүшүн талкуулаган жыйындар бир жума бою ар облуста өткөрүлөт.