Өкмөттүн Нарын облусундагы атайын ыйгарым укуктуу өкүлү баш болгон, аким, ишкерлерден турган делегация Россияга барып келди. Алар мекендештер менен жолугуп, мал чарба ишканаларында, агрокластерлерде болуп кайтышты.
«Аксиньино» айыл чарба ишканасында ири мүйүздүү голштин тукумундагы сүт багытындагы уйлар багып өстүрүлөт. Андагы ири мүйүздүү мал Россиянын бардык аймагында сатылат. Бул ишкана тууралуу уккан нарындыктар кызыгып, атайын келген. Анын себеби да бар. Жакын арада Теңир-Тоо жергесинде сүт заводунун ачылышы болот. Анда суткасына 150 тонна сүт өндүрүү пландалууда.
Голштин тукумундагы бул уйлар күнүнө 35-45 литрге чейин сүт берет. Ошол эле учурда, бул тукумдагы уйларды багуу көп эмгекти талап кылат. Жакшы шарт менен берекелүү тоюту болбосо, андан күтүлгөн сүт алуу мүмкүн эмес.
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү баштап келген делегация бул чарбанын жетекчилиги менен жолугушту. Мындагы асыл тукумдуу, бир жарым жаштагы торпоктун баасы 165 миң рубль турат. Бирок, жогору көлөмдө сүт бергенин эске алсак, баадан сапатка өтүү - деген сөзгө туура келгендей.
Фермер Каныбек Оморовдун 500дөн ашык топозу бар. Белгилүү болгондой, топоздор анчалык камкордукту талап кылбаганы менен, ал башка дагы тармактарды ойлонуп көрүү керек экенин айтат. Уйларды сатып алууда, нарындыктар бул тармактагы базар баасын карап, салыштырып, башка чарбалардын да сунушун карап көрүүнү чечти.
Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунун акимдери менен ишкерлер Москва шаарындагы «Фуд сити» агрокластерине да барды. Бул жерде фермерлер менен ишкерлерге ижарага павильондор берилип, өндүргөн продукцияларына дүйнө жүзү боюнча сатып алуучуларды тапканга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Нарындан келген өкүлдөр ишкер мекендештер менен да жолукту. Анда инвестиция, билим берүү жана социалдык колдоо тууралуу конкреттүү сунуштар айтылды. Эмгек мигранттары жана “Нарын-Теңир-Тоо” коомунун мүчөлөрү менен болгон жолугушуу кызуу талкуу менен өттү. Келгендер облус жетекчилерине сынын да, сунушун да ачык айтып, ар бир айтылган маселенин түйүнүн чечип, карап чыгууга убадалар берилди. Жыйынтыгында Нарын облусу менен “Нарын-Теңир-Тоо” коомунун ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду.
Мындай жолугушууларда Россиядагы мекендештердин сунушу менен каалоосу эске алынып, жакшы тажрыйба алмашууга албетте, шарт түзүлмөкчү. Ошол эле мезгилде кызматташтыктын жаңы багыттарына жол ачылат.