Жаңылыктар
Спортчу Бакдаулет Эгембердиев Азиянын чемпиону аталды
Спорт
Спортчу Бакдаулет Эгембердиев Азиянын чемпиону аталды

Кыргызстандык спортчу Бакдаулет Эгембердиев грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Азиянын чемпиону аталды. Мелдеш ушул күндөрү Казакстандын Нурсултан шаарында өтүп жатат. 16 жаштагы кыргызстандык 5-июлда 71 кг салмакка чейинки категорияда беттешин баштады. Эгембердиевдин килем үстүндөгү алгачкы атаандашы Япониялык спортчу болду. Кыргызстандык жаш спортчу аны 11:0 менен жеңип алды. Жарым финалда Эгембердиев Тажикстандык спортчуну 9:1 менен утту.

Чечүүчү беттешти Эгембердиев Ирандык спортчу менен өткөрүп, 5:2 эсеби менен кадеттер арасында 2019-жылдагы Азиянын чемпиону болуп калды.