Кыргызстан билимдүү жаштары менен өлкөнүн бардык тармактарын өркүндөтөт. Андыктан жаш муундун татыктуу билим алышына жана эмгектенишине шарт түзүү - мамлекеттин артыкчылыктуу багыты. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң жогорку упайга ээ болгон мектеп бүтүрүүчүлөрүн куттуктап жатып билдирди. Өлкө башчысы жаңы технологиялар дүйнө экономикасына жаңыча дем берип, экономика, билим берүү, медицина жана башкаруу чөйрөсүндөгү кесиптердин табиятын өзгөртүүдө.
Бул талаптар - жаш муундардын өз алдынча тынымсыз өнүгүүгө умтулушун шарттайт деп белгиледи. Жалпы республика боюнча быйыл алтын сертификаттарга 51 окуучу татыктуу болду. Алардын 19у өлкө аймактарынан келгендер. Мындан сырткары, ар бир облустан эң жогорку упай топтогон 14 окуучуга артыкчылык сертификаттары тапшырылды.