Жаңылыктар
ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмеси толукталды
Маданият
ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмеси толукталды

ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмеси жаңы объектилер менен толукталды. Мафра падышасынын сарайы - португалия монархиясынын кубаттуулугу жана байлыгынын символу. Сарай барокко стилинде курулуп, монастырь, бак жана 36 миң томдук китептер сакталган китепканасы бар. 

ЮНЕСКО Брага шаарындагы Бон-Жезуш-Монти чиркөөсүн дагы тизмеге кошту. Бул чиркөөнүн курулушу 6 кылымга созулган. Андан сырткары, тизмеге Мьянмадагы байыркы Паган шаары да кирди. Бул жерде 2 миңден ашык будда храмдары бар. Орусиядагы тарыхый жайлар дагы четте калган жок. XII кылымга таандык Псков архитектуралык мектеп храмы да ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине киргизилди.