Жаңылыктар
КР - Швейцария кызматташтыгы чыңалат
Саясат
КР - Швейцария кызматташтыгы чыңалат

Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын Президенти Ули Маурердин чакыруусу боюнча ушул жылдын 9-11-июлунда Швейцария Конфедерациясына расмий иш сапары менен барат. 

Иш сапардын алкагында өлкө башчысы Швейцариянын Президенти Ули Маурер жана башка бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрөт. 

Эки мамлекеттин достугу жана кызматташтыгы көп жылдардан бери жемиштүү болуп келет. Конфедерация Кыргызстандын эгемендүүлүгүн тааныгандан баштап эле кыргыз-швейцар дипломатиялык кызматташтыгы жолго коюлган.

«Соода-экономикалык, банк чөйрөлөрүнө, Кыргызстандын экономикасынын перспективдүү секторлоруна инвестиция тартууга, банк чөйрөсүндөгү кызматташууну өнүктүрүүгө жана парламенттик демократияны курууга басым жасоо менен эки тараптуу кыргыз-швейцариялык мамилелерди илгерилетүү маселелерин талкуулоо пландалууда», - деп билдирди КРдин Президенттик аппараттынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков.

Өлкө жетекчисинин Швейцарияга болгон расмий сапары эки өлкөнүн саясий диалогунун жана түрдүү тармактагы кызматташуусуна дем берип, алаканын артыкчылыктуу багыттарын өркүндөтүүгө салым кошоору күтүлүүдө.