Жаңылыктар
Опера жана балет театрында капиталдык оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө
Маданият
Опера жана балет театрында капиталдык оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында оңдоо жумуштары кызуу жүрүп жатат. 

Бир катар бөлмөлөр, залдар толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Жумушчулар тыным албай иштеп жаткан маалы, ал эми чыгармачыл жамааты толугу менен эс алууга чыккан. 

Малахит залында оңдоо жумуштары көп жылдан бери жүргүзүлбөгөндүктөн жедеп эскилиги жетиптир. Колонналар жарака кетип, шам чырактардын көп жери сынган. Эми алар толугу менен калыбына келет. Терезелердин текчелери да толук алмаштырылат. Залдын түсү болсо өзгөрбөйт. 

Көптөгөн автордук жумуштарга байланыштуу мурдагы жашыл, көгүш түсү калтырылат. Ага ылайыктап жаңы терезе парда тагылып, жаңы килем төшөлөт. 

“Президентке кайрылдым көңүл буруп, комиссия жөнөтүп театрдын акыбалын көрүп кетти комиссиялар. Театрге 210 млн сомго смета түзүлгөн. 47 миллионуна түзүп бердик. Алгачкы берилди. Буйруса дагы 47 млн сом сарпталгандан кийин ремонт уланышы мүмкүн. Абдан керек болчу эң начар кээ бир жерлер түшүп кеткен”, - деп билдирди театрдын директору Керим Турапов.

15 жыл мурдараак болгон оңдоо жумуштарынан кийин ачык турган залга эшиктер салынып бекитме болуп, көрөрмандар кире албай калган. Эми кайра мурдагы калыбына келгени турат. 

Муну менен катар Чолпонбек Базарбаев атындагы балет залдары, хор классы оңдоодон өткөрүлүүдө. 

Жедеп эскилиги жеткен залдарда бир да жолу капиталдык оңдоо жумуштары жасалбаптыр. Эми мунун баары заманбап шартка ылайыкташтырылат. 

Курулушчулар опера жана балет театрындагы оңдоо жумуштары бир айдан ашыгыраак убакытта бүтүп калаарын убадалап жатат. 

Соңку убакта маданий жайларды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул маселе Президент Сооронбай Жээнбековдун жеке көзөмөлүндө. 

Өлкө башчысы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жана Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына барып, маданий жайлардын абалы менен таанышып, эки театрдын имараттарын көрүп чыккан. Мамлекет башчысы 2 театрдын имараттарын тез арада капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн каржылоону тездетүү тапшырмасын койгон.

Учурда бул маселе чечилип Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына мамлекеттик бюджеттен 80 миллион сом каралган. Ал эми Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына 100 миллион сомдой каражат бөлүндү.