Жаңылыктар
Кыргызстанда курулуш материалдарынын баасы кескин төмөндөдү
Экономика
Кыргызстанда курулуш материалдарынын баасы кескин төмөндөдү

Акыркы 7-8 айдын ичинде Кыргызстанда курулуш материалдарынын баасы кескин төмөндөгөн. Адистердин белгилөөсүндө курулуш материалдардын 90 пайызы 30-35 пайызга чейин арзандаган. 

Өткөн жылы эле батир сатып алып койгон Зулпукар Эрмеков быйыл араң ремонт иштерине киришти. Андан бери бир чети батирдин ички жасалгасына каражат топтогон болсо, экинчиден керектелүүчү материалдардын баасы себеп болуп жаткан.



Базарда курулушка керектүү буюм тайымдарды сатуу менен алектенгендер дагы, акыркы айларда бир топ арзандоолор болгонун айтууда. Адегенде бажы биримдикке киргенден кийинки алгачкы эки айында кымбаттап кеткен Кытай товарлары да кайрадан баасын жоготуп, арзандоонун үстүндө.

Курулуш материалдарынын арзандашы, турак жайлардын баасына да таасирин тийгизди. Бир жарым жыл мурдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу батирлердин баасы 30 пайызга чейин төмөндөгөн.

Курулуш материалдарынын ичинде Кыргызстанда кум-таш, кыш, цемент гана болбосо, дээрлик 90% курулуш материалдары сырттан алып келинет. Ал эми бажы биримдигинин курамына киргенден бери, Орусиядан келип жаткан темир жана жыгач материалдарынын баасы бир топ эле арзандап калды.