Жаңылыктар
Жапар Эрматов кызматынан убактылуу четтетилди
Кылмыш
 Жапар Эрматов кызматынан убактылуу четтетилди

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Нарын облусунун Райондор аралык сотунун судьясы Жапар Эрматов кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Ал Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча Башкы прокурордун жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө макулдук бергендигине байланыштуу кызматынан четтеди. 

Жапар Эрматов кримтөбөл, «мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алган. Ал 22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына эки айга, 22-августка чейин камакка алынган. 

Эскерте кетсек, Батукаевдин иши боюнча Шамил Атаханов менен мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева кармалып, тергөө менен кызматташам деп үй камагына чыгарылган. Мурдагы Башпрокурор Аида Салянова, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да кармалган.