Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды
Өзгөчө кырдаал
Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.


Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматында, жер титирөө  9-июлга караган түнү болгон.  Анын күчү  Ничке-Сай, Кыргызстан айылдарында 4 балл; Тосой, Жийде, Ак-Терек, Чангет, Шоро-Башат, Жыланды, Маркай, Кайрат, Заргер айылдарында 3,5;  Көк-Жаңгак, Өзгөн шаарларында, Таштак, Шералы, Мырза-Аке, Большевик, Маяк, Ак-Жар, Орказган, Кызыл-Тоо, Эркин-Тоо, Шамал-Терек, Бакмал, Кара-Дыйкан айылдарында 3 балл; Жалал-Абад шаарында, Чеке-Дебе, Салам-Алик, Кош-Этер, Чимбай, Кандава, Тогой, Куршаб, Мырза-Арык, Кароол, Правда, Благовещенка, Октябрь, Багыш, Таш-Булак, Михайловка, Фрунзе, Кара-Чолок, Таран-Базар, Калмак-Кырчын айылдарында 2,5 баллга сезилди.