Жаңылыктар
Президент Жээнбеков расмий визит менен Швейцарияга учуп кетти
Саясат
Президент Жээнбеков расмий визит менен Швейцарияга  учуп кетти

 

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Швейцария Конфедерациясына учуп кетти. 

 Анын алкагында Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын Президенти Ули Маурер, Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банкынын Төрагасы Томас Йордан менен жолугуп,  кыргыз-швейцариялык мамилелерди илгерилетүү маселелери  талкууланат. Соңунда  экономика, финансы, туризм, региондорду таза суу менен камсыз кылуу жана башка чөйрөлөрдөгү документтерге кол коюу күтүлүүдө.  Мамлекет башчы  ошондой эле Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат.