Жаңылыктар
Улуу Жеңиштин 71 жылдыгын утурлап
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Жеңиштин 71 жылдыгын утурлап

Быйыл Улуу Жеңиштин 71 жылдыгы белгиленет. Мекенине жеңиш, тынчтык тартуулаган согуш ардагерлери тууралуу репортаждар түрмөгүн баштайбыз. Бүгүнкү каарманыбыз Садыбакас Ералиев. 

“Кызыл жылдыз”, “Эрдик үчүн”, “Даңк” жана дагы башка толгон төш белгилер... Садыбакас Эралиев боору медалга толгон костюмун Жеңиштин 71 жылдык майрамына даярдап жаткан кези. Ал - Улуу Ата-Мекендик согушка катышып, кан майданга жаштыгын арнагандардын бири.

Садыбакас карыя майданда алдыңкы сапта болуп, душмандар менен күрөштү. Билимдүү жоокерге взвод, отряд, полкторду жетектөө ишенилген. 19 жаштагы бала үчүн душманга ок чыгаруу да кыйын эле. Бирок кан майдандын ысык-суугун, ач-тогун көргөн аскер ал күндөрдү да жеңди. Чыйрак жана тың жигит бир да жолу ок жеп, жарадар болбой 4 жылын майданган арнаган.

Жеңиш майрамын 23 жаштагы Садыбакас Ералиев Курляндияда тосуп алган. Аны айылында ата-энеси, 2 эжеси күтүп жаткан. Согуштан кийин үй-бүлөсүнө кол кабыш кылып, мамлекеттик көзөмөл мекемесине жумушка кирип, партиянын борбордук комитетинде, ошондой эле республикалык теле-радиодо башкы редактордук кызматтарда иштеген. Ошентип, 1946-жылы Ширин аттуу кызга жолугуп, үй-бүлө күткөн.

9-май Садыбакас Ералиев үчүн кош майрам. Туулган күнү жана Жеңиш майрамы.. Өткөн жылы майрамды Кызыл аянтта белгилеген. Быйыл 94 жаш курагын балдары, небере, чөбөрөлөрү менен бирге тосууну ниет кылууда.