Жаңылыктар
Ат-Башы районунда Турдакун Усубалиевди эскерүү иш-чарасы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ат-Башы районунда Турдакун Усубалиевди эскерүү иш-чарасы өттү


Нарын облусунун Ат-Башы районунда мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын баатыры Турдакун Усубалиевди эскерүү иш-чарасы өттү. 

Анда залкар адамдын басып өткөн жолу  тууралуу  айтылып, кыргыз элинин өнүгүшүнө кошкон зор эмгектери боюнча маалымат берилди. 

Мындай эскерүү иш-чарасы райондогу бардык айылдарда  өткөрүлөт. Турдакун Усубалиев кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына, өнөр жай, маданий жактан өнүгүшүнө, парламенттик системанын түптөлүшүнө, ошондой эле Кыргызстанды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө  эмгеги  сиңген  коомдук  ишмер. 

2019-жылдын 2-февралында Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө боюнча Президенттин жарлыгы чыккан.