Жаңылыктар
Эрлан Шеров Дүйнөлүк Универсиадада 5-орунга ээ болду
Спорт
Эрлан Шеров Дүйнөлүк Универсиадада 5-орунга ээ болду

Дзюдо боюнча кыргыз спортчусу Эрлан Шеров Италияда өткөн Дүйнөлүк Универсиадада 5-орунду алды. Шеров 90 килограммга чейинки салмак ченинде Япониядан келген спортчуга жеңилип, медалдарга болгон жарыштан четтеген. 

 Ал эми абсолюттук салмак ченинде Шеров Польша, Египет, Беларусь өлкөлөрүнөн келген спортчуларды жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалда дзюдочу Казакстандан келген спортчуга жеңилип, 3-орунга болгон беттеште да голландиялык спортчуга жеңилип калган. Жыйынтыктыгында  ал   5-орунду ээледи.