Жаңылыктар
Улуу талаанын улуу мурасы
Маданият
Улуу талаанын улуу мурасы

“Манас” эпосу баштаган баа жеткис улуу мурастарыбызды кастарлап сактоо максатын көздөгөн “Улуу талаанын улуу мурасы” аталышындагы үчүнчү эл аралык "Манас" форуму Казакстандын Жети-Суу жергесинде өттү. Салтка айланган маанилүү иш-чарага эки элдин окумуштуу-илимпоздору баштаган интеллигенция өкүлдөрү катышып, ар бири өздөрүнүн омоктуу ойлору менен бөлүштү.

Кылымдан кылымга уланып, укумдан тукумга берилип, ооздон оозго өтүп келген улуу "Манас" эпосунун максаты- уюткулуу кыргыз элинин биримдигин, ынтымагын чыңдоо болгон. Анын идеясы, осуяты, руху бардык улуттарды бириктирип, достук, туугандык мамилелер артылсын деген ниетте кыргыз-казак жыйыны уюштурулду.

3- ирет өтүп жаткан "Манас" эл аралык форумунда Кыргыз рухунун туу чокусу, улуттун сыймыгын талкуулоо менен катар кыргыз элинин оозеки адабиятын, тарыхын, этнографиясын изилдеген, “Манас” эпосунан “Көкөтөйдүн ашы” эпизодун жазып алган Чокан Валиханов менен казак элинин улуу жазуучусу- Манасты сактап калуучулардын бири болгон Мухтар Ауэзов да эскерилди. “Кыргыз-казак эки мамлекет болгону менен бир эле эл”- деп залкар жазуучубуз Ч.Айтматов бекеринен айтпаган чыгаар. Айрым тамга, тыбыштарынан эле айырма болбосо маданиятыбыз, адабиятыбыз, дүйнө таанымыбыз жана көз карашыбыз бир дейт форумдун катышуучулары.

Манасты ааламга жайылтуу аракеттери эч токтобой үзгүлтүксүз уланышы керек. Кийинки жаңы изилдөөлөрдөн улам пайда болгон, мурда басыла элек басылмалары чыгып жатат. Учурда латын арибинде басылып чыккан китептер түрк дүйнөсүнө таратылууда. Ыйык нерсе туюк болот, эң оболу Манасты жана жыйында көтөрүлгөн маселелерди жаштарга жеткире билели дейт Түрк ааламынын манасчысы.

“Манас” эпосу менен анын осуяттары улуттук рухубузду, улуулугубузду, байыркылыгыбызды далилдейт.

Маданияттын жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү -өлбөстүккө айланган кенчибиздин өзгөчө жаштарга таалим-тарбиясы зор экендигин айтышат. Келечек муундарыбызды татыктуу тарбиялоого өбөлгө болуп, элибиздин биримдигин, өнүгүшүн көздөгөн бул жыйын эми август айында көл кылаасында уланмай болду.