Жаңылыктар
Кыргызстандын 15 мектебине кошумча корпустарды куруу үчүн 799 млн. сом бөлүндү
Билим
Кыргызстандын 15 мектебине кошумча корпустарды куруу үчүн 799  млн. сом бөлүндү

2019-жылы Чүй облусундагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы 15 мектепке кошумча корпустарды куруу үчүн 799  млн. сом бөлүндү. 

Финансылык каражаттар коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүнүүдө.  

Эске салсак, Президент  Сооронбай Жээнбеков бир катар мектептердин абалы менен таанышып, атайын эсепке түшкөн каражаттарды Бишкек жана Ош шаарларында жаңы мектептерди же орто мектептердин имараттарына кошумча корпустарды курууга багытталарын айткан. 

2019-жылдын июль айынан  тарта  республикалык бюджеттен каржылануучу мектептерди курууну Бирдиктүү депозиттик эсептен каржылоо ачылган. Биринчи траншы 15 млн. сомду түзөт.