Жаңылыктар
Дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөгөн орган түзүлдү
Ден соолук
Дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөгөн орган түзүлдү

Кыргызстандын дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментинде фармацевтикалык инспекторат түзүлдү. Эми алар өлкө аймагында сатылган дары-дармектердин, медициналык каражаттардын сапатын, натыйжалуулугун жана бейтаптардын коопсуздугун көзөмөлдөп жөнгө салып турушат. 

Бул багыттагы иштерди жогорулатууга жардам берүү үчүн Бишкекке Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун жогорку квалификациядагы адистери жана серепчилери келип, жолугушууларды өткөрүүдө. Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин талаптагыдай фармацевтикалык практикалар бөлүмүнүн башчысы Нази Абдырасулованын айтымында жакында эле биздин адистер дагы Даниянын “Фармакон” фармацевтикалык окуу жайына барып, тажрыйбасын жогорулатып келишти.