Жаңылыктар
“Коопсуз шаар” долбоору кайрадан каралып чыгат
Кыргызстан жаңылыктары
“Коопсуз шаар” долбоору кайрадан каралып чыгат

Парламент өкмөткө “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууну кайрадан карап чыгуу тапшырмасын берди.Палата “Коопсуз шаар” долбоорунун аткарылышы боюнча Ички иштер министринин маалыматын уккан соң ушундай чечимге келди. 

Ошол эле учурда талкуу маалында айрым депутаттардын долбоор боюнча тендердик комиссиянын өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин кароо сунушу да колдоо тапты. 

 

Ички иштер министри Мелис Тургунбаевдин айтымында, “Коопсуз шаар” долбооруна жарыяланган тендерде «Стилсофт Бишкек» кыргыз-орус компаниясы утуп чыкканы менен тендердин жүрүшүндө көптөгөн одоно кемчиликтер кеткен. 

Добуш берүүнүн жыйынтыгында өкмөткө “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууну кайрадан карап чыгуу тапшырылып, Ички иштер министрлигин тийиштүү каражат менен камсыздоо белгиленди.