Жаңылыктар
Кыргызстан менен Швейцария кызматташтыгы
Саясат
Кыргызстан менен Швейцария кызматташтыгы

Бул аралыкта Швейцария Кыргызстандын парламенттик демократиялык өнүгүүсүнө өнөктөш болуп, мамлекеттик жана башка мекемелерди колдоп, саламаттык сактоо, экономикалык өнүгүү, калкты жумуш менен камсыз кылуу, таза суу боюнча долбоордун ишке ашуусуна колдоо көрсөттү. 



Швейцария менен кызматташтык Кыргызстан Эгемендүүлүк алгандан кийин эле башталган. 1994-жылы Швейцария өкмөтү менен Кыргызстан расмий кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшуп, эки жылдан кийин Бишкекте кызматташуу боюнча Швейцария бюросу ачылган. Кийинчерээк Швейцария өкмөтү өлкөдө элчилигин ачуу чечимин кабыл алып, ал 2012-жылы ишке ашкан.

Кызматташуу башталгандан тарта Швейцария Кыргызстандын саламаттык сактоо, мамлекеттик мекемелерди колдоо, жеке сектордо, шаардык суу жабдуу жаатында, ирригация, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана жарандык коомдуу колдоо жаатында жалпы суммасы 24 миллиард сомдон ашык техникалык, каржылык жана гуманитардык жардам көрсөткөн.
Ошондой эле, Швейцария Кыргызстанда шайлоолорду ийгиликтүү жүргүзүүгө жана демократиянын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүп келет.

Швейцариянын банкы дүйнөдө өнүккөн алдынкы банктардан. Бул тармакта кызматташуу жолго коюлуп, техникалык, кеңеш берүүчүлүк жардамы менен бир канча долбоорлор ишке ашып келет. Алсак, Швейцария Улуттук банкынын колдоосунда Кыргызстанда автоматташтырылган соода системасы түзүлгөн. Анын алкагында каржы рыногуна төлөм операциялары электрондук түргө өткөн.