Жаңылыктар
Быйыл 15 мектепке кошумча имараттар салынып баштайт
Билим
Быйыл 15 мектепке кошумча имараттар салынып баштайт

Ушул тапта жалпы эле өлкө аймагында, анын ичинен өзгөчө ордо калаада мектеп жетишсиздиги чоң көйгөй. Акыркы жылдары окуучулардын саны көбөйүп жаткандыктан, мектептер пландалган орундан 2-3 эсе көп балага билим берүүгө туура келүүдө. Жагдай иликтеп көргөн өлкө башчысы көйгөйдү чечүү жолдорун сунуштады. Ага ылайык, быйыл 15 мектепке кошумча имараттар салынып баштайт. Каржылык колдоо коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүнүүдө.


Мектепте балдарга орун тартыштыгы баш калаа Бишкекте бир топ жылдан бери курчуган чоң көйгөйгө айланды. Көптөгөн ата-энелер балдарын мектепке киргизе албай жатканда, мектеп жетекчилери ички миграциядан улам Бишкекте мектеп жашындагы балдардын саны жылдан жылга өсүп жатканын айтууда.


Мектеп жетекчилигинин тилегени ишке ашып, бул мектеп кошумча имарат курулуучу окуу жайлардын тизмесине киргизилди. Биринчиден, муктаждык эске алынса, экинчи жагынан кошумча корпус курууга жери даяр.


Жалпы жонунан Чуй облусу менен Бишкек шаарында бардыгы болуп 15 мектепке кошумча имараттар курулмай болду. Алар мектептердин жанындагы кошумча имарат курууга мүмкүн болгон жер тилкелерине жараша 300 дөн 1000 ге чейинки орун үчүн ылайыкташырылат.