Жаңылыктар
Кара-Балта мамлекеттик спирт заводунун иши кайрадан жанданат
Экономика
Кара-Балта мамлекеттик спирт заводунун иши кайрадан жанданат

Беш жылдан бери иштебей, токтоп турган Кара-Балта мамлекеттик спирт заводунун иши кайрадан жанданат. Эгер ишкана мурдагы калыбында иштей баштаса, казынага 300 миллион сомго чейин каражат түшөт. Бул мамлекет тарабынан өндүрүштү кайрадан жандырып, өлкөнүн экспорттук дараметин арттыруу максатында жасалып жаткан иштин натыйжасы.


Бул максатта Орусиянын “Татспиртпром” мамлекеттик ишканасы менен кызматташуу боюнча макулдашуулар жүрүп жатат. Эгер долбоор толугу менен ишке ашса баштапкы баскычта 2 миллион доллар инвестиция келет. Белгилей кетсек өндүрүш тармагындагы мындай жандануу Орусиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келип кеткенден кийин өрүш алды. Кененирээк Нургуль Жумабекова баяндайт.


Кыргызстан Орусиянын “Татспиртпром” мамлекеттик ишканасы менен кызматташууга ынтызар. Анын үстүнө КМШ мамлекеттеринин ичинен ата мекендик спирттин сапаты жогору деп бааланган. Эки тараптуу кызматташтыктын негизги максаты да Кара-Балта мамлекеттик спирт заводунун ишин жандантуу. Беш жылдан бери иштебей, токтоп турган завод карызга да баткан. Бересесинин суммасы азыр 27 миллион сомдон ашыгыраак.


Экинчи жагы “Балыкчы Алко Трейд” ишканасынын өндүрүшү кеңеет. Себеби ишкана учурда 10гана кубаттуулукта иштеп жатат. Эгер ишкана толук кубатулукта иштей баштаса 600 миң декалитр арак чыгарууга жетишет.