Жаңылыктар
Кара-Кужур өрөөнүндө “Кымыз фестивалы” өттү
Маданият
Кара-Кужур өрөөнүндө “Кымыз фестивалы” өттү

Нарындын Кара-Кужур өрөөнүндө “Кымыз фестивалы” болуп өттү. Кыргыздын кастарлуу суусундугу кымызды даңазалоого Кочкор районунун өрөөнгө жайлаган чабандары келип катышты. Анда улуттук суусундуктун түрлөрү жана аны жасоо ыкмаларын айырмалап, калыстар жыйынтык чыгарды.

Гүл, нак, бал жана саамал кымыз. Кыргыздын кастарлуу суусундугу, эң эле даамдуу, кынаптап жасалган кымыздар. Негизи сыйлуу конокторго меймандос журт гүл кымыздан кесеге толтура куйуп, сунушчу экен. Гүл кымызды жакшылап ышталган челекке бир далайга чейин бышуу керек.Мына ушул улуттук суусундукту сыноо багытында атайын Кара-Кужур өрөөнүндө кымыз фестивалы уюшулду.
Жумабүбү Сароеванын колунан жасалган суусундукту калыстар бал кымызы деп табышты. Анткени алар сүттү желеден саап алгандан тарта эле өзүнчө процессти баштайт. Алгач сүттү сүзүп, аны жылуу кезинде дароо челекке куюп, маал-маалы менен бышып турушат. Жайлоонун жайлуу төрүндө өтүп жаткан фестивалга өрөөндөгү чабандар келип катышышты. Буга жергиликтүү бийлик колдоо көрсөтүп, уюштурууга жалпы 50 миң сомдон ашык акча кетти.

Кастарлуу суусундук кымызды даңазалоо иши дагы уланат. Келээрки жылда өтүүчү фестиваль облустук деңгээлде уюшулаары айтылды.