Жаңылыктар
Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөө боюнча соттук териштирүү уланууда
Коррупция
Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөө боюнча соттук териштирүү уланууда

Бишкектин Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөө боюнча соттук териштирүүнү улантууда. 10-июлда күбөлөр суралып жатат. Бул иш боюнча учурда УКМКнын тергөө абагында мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаев, «Электр станцияларынын» мурдагы башчысы Салайдин Авазов, «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиев жана дагы башка бир катар адамдар отурат. Алардын баары «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айыпталууда. Алар өздөрү күнөөсүз экенин айтып жатышат.

Ишти кароо Свердлов райондук сотунда 18-февралда башталган.