Донбасста өзүн “Донецк элдик республикасы” деп жарыялап алган аймактын жоочуларынын катарында украин армиясына каршы күрөшкөн өзбекстандык атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу украин армиясынын офицери Анатолий Штефан Telegram-каналына жарыялады. Маалыматка Хожиакбар Шариповдун табытта жаткан сүрөтү да тиркелген.
Штефандын билдиришинче, 3-июлда өлтүрүлгөн 32 жаштагы Хожиакбар Шариповдүн сөөгү Өзбекстанга 6-июлда жөнөтүлдү. «Миротворец» сайтында дагы Шариповдун өлгөнү тууралуу кабар чыкты. Хожиакбар Шарипов буга чейин да жаракат алган. Жикчилдер менен украин армиясынын катарында канча өзбекстандык согушуп жүргөнү тууралуу расмий маалыматтар жок.