Жаңылыктар
Кара-Суунун Ак-Таш айылы таза суу менен камсыздалды
Аймак
Кара-Суунун Ак-Таш айылы таза суу менен камсыздалды

Кара-Суунун Ак-Таш айылындагы 2 миңдей элге таза суу жетти. Бул үчүн айылга биринчи жолу түтүктөр тартылып, ар бир үйдүн ичине суу кирди.

Ак-Таштык Рабы Капарова, мындай заманбап техниканын тилин толук өздөштүрүп бүтө элек. Аймакка таза суу куурунун тартылышы менен кожойкенин үйдөгү буюмдары кир жуучу машина, суу жылыткыч, суу эсептегич сыяктуу жабдуулар менен толукталды. Мындай заманбап шарт- элеттик эненин көптөн берки кыялы болгон. Элеттиктердин муктаждыгын жоюу үчүн аймакта “Таза суу” долбоору ишке ашкан. 300 кубдук суу резервуары менен 8 чакырымга жаңыдан суу кууру тартылды. 600 түтүнгө ичүүгө таза суу жеткирүүдө жергиликтүү эл да өз салымын кошкон.

Ичүүчү таза сууну коромжусуз пайдалануу, суу түтүктөрүнүн абалына көз салуу жана сууга болгон төлөмдү камсыздоо максатында айылдын өздүк ишканасы түптөлдү. Ишкана тарабынан ар бир үйгө суу эсептегичтери коюлду. Элет жерине жеткен таза суу- балдар арасындагы жугуштуу оорулардын да алдын-алаары шексиз. Буга чейин суунун ар бир тамчысын үнөмдөп иштетип келген бакчага суу кууру тартылды. Балдардын боюна чакталган атайын раковиналар орнотулду.

Муну менен Ак-Таш айыл аймагында таза сууга болгон камсыздоо 95 пайызды түздү. Чечиле элек көйгөйлөр да жок эмес. Жаңыдан түптөлгөн конуштарда суу тартыштыгы бар. Буга, союздун тушунда тартылган суу куурларынын эскилиги себеп. Кара-Суунун Ак-Таш айыл аймагында 10 миң эл жашайт. 3 айылдан турат.