Бүгүн 22-апрель, Владимир Ильич Лениндин туулган күнү. Бул датада алгачкы социалисттик мамлекетти түптөгөн ишмер өзгөчө жөрөлгөлөр менен эскерилчү. Бирок, ал советтик доордогу көрүнүш. Большевиктердин жол башчысы убакыт өткөн сайын унутта калып баратат. Ленин түптөгөн системага байланыштуу талаш-тартыштар кыргызстандыктардын арасында да бар.
Советтик пропаганданын күчү менен ар бир жеткинчектин атасына айланган Ленин 1870-жылы дал ушул күнү жарык дүйнөгө келген. Улуу Октябрь ревролюциясынын жол башчысын эскергендердин катары суюлуп баратат. Бул көрүнүшкө кейиген Коммунисттер партиясынын төрайымы Клара Ажибекова Лениндин кыргыз элине да өтөгөн эмгеги өзгөчө экенин белгилеп келет.
Советтик доордогу мектеп окуучулары үчүн даярдалган адабияттарды барактасак Ленинди даңазалаган, анын осуяттарын үйрөнүүгө үндөгөн эмгектерди арбын кездештирүүгө болот. Улуу муундун эскерүүлөрүнө таянсак, маданият, искусство, эл чарбасында, массалык маалымат каражаттарында, деги эле коомдун бардык чөйрөсүндө ыңкылаптын жол башчысынын ысымы аталбай койчу эмес. Ал эми эгемендүүлүктүн эпкини менен абал өзгөрдү. Мындан улам Лениндин унутта калып баратышы жөн гана саясий өзгөрүүлөргө, шарт-кырдаалга байланыштуу экенин белгилешет. Бирок пролетариаттын башчысы түзгөн системаны сындагандар да жок эмес.
Ал эми тарыхчылардын көз карашы кандай? Илимдин кандидаты, доцент Темиркул Асанов Улуу Октябрь революциясы Кытайга качкан кыргыз элинин мекенге кайтып келишине шарт түзгөнүн өзгөчө белгилейт. Мында Лениндин эмгеги деп 1917-жылы кабыл алынган Россия элдеринин укуктарынын декларациясын мисал келтирүүдө. Аталган документте падышалык Орусиянын баардык колонияларындагы улуттарга көмөк көрсөтүлөөрү жазылган. Асанов Ленин баштаган большевиктер ишке ашырган мындай бурулушту 17-жылдагы убактылуу өкмөттүн ишмердүүлүгүнө байланыштыруу жаңылыштык экенин айтат.
Жогоруда айтылгандар Кыргызстандагы гана пикирлер. Ал эми айрым өлкөлөрдө Ленин жана анын саясатына байланыштуу козголгон маселелер дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп турат. Украинада декоммунизациянын алкагында социалисттик державаны түптөгөн ишмердин айкелдери талкаланып, ал тууралуу эмгектер жок кылынууда.
Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”