Жаңылыктар
Чолпон-Ата шаарында VI эл аралык экономикалык форум өтөт
Экономика
Чолпон-Ата шаарында VI эл аралык экономикалык форум өтөт

2-августта  Чолпон-Ата шаарында VI эл аралык экономикалык форум өтөт.  Маалыматка караганда, иш-чарага ондогон ата мекендик жана чет элдик компаниялар катышып, түрдүү тармак боюнча кызматташуу  жолдорун  талкуулашат.

Өткөн жылы аталган форумга Өзбекстан, Казакстан, Кытай, Россия жана Бириккен Араб Эмираттарынан 400дөн ашык ишкер  келип, 34 миллион доллардан ашык акчага келишим түзүлгөн.