Тышкы иштер министрлиги Түркияда киши колдуу болгон кыргызстандыктын өлүмү боюнча иликтөөнү көзөмөлгө алат. Мекеме Түркиянын Алания шаарында киши колдуу болгон кыргызстандык тууралуу маалымат таратты.
Анда Стамбулдагы башкы консулдук сөөктү мекенине жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы, «Пегасус Азия» аваикомпаниясы менен «Стамбул-Бишкек» маршруту аркылуу сөөктү бекер алып келүү макулдашылганы белгиленген. 7-июлдун таңында Анталия аймагынын Алания шаарында 23 жаштагы кыргызстандык Муктарбек Иманалиевдин жерде кыймылсыз, канга чыланып жатканын жергиликтүү каналдар маалымдаган.
Аланиянын башкы прокуратурасы окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүү катары 40 жаштагы түрк жаранын кармашкан. Учурда каза болгон кыргызстандык мигранттын сөөгү Анталияда соттук-медициналык экспертизанын моргунда кармалууда. ТИМ ишти тергөө-иликтөө жагы көзөмөлгө алынганын билдирүүдө.