Жаңылыктар
Аллергияга каршы май иштеп чыккан окумуштуу эки алтын медалга ээ болду
Дүйнө
Аллергияга каршы май иштеп чыккан окумуштуу эки алтын медалга ээ болду

 

 Тажикстандык окумуштуу Мавлуда Давлатмамадова аллергияга каршы май иштеп чыгып,  ойлоп табуучу аялдардын 12-эл аралык  көргөзмө-форумунун жана Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык жеке менчик уюмунун эки алтын медалына ээ болду. 

33 жаштагы Мавлуда Давлатмамадова – техника илимдеринин кандидаты, Фармацевтикалык илимий-иликтөө борборунун илимий кеңешинин катчысы. Ал дары чөптөрдүн негизинде аллергияга каршы май ойлоп тапкан.