Жаңылыктар
Беловодск айылында «Каризма Трейд» кыргыз-түрк ишканасы ачылды
Экономика
Беловодск айылында  «Каризма Трейд» кыргыз-түрк ишканасы ачылды

Москва районунун Беловодск айылында  кыргыз-түрк ишканасы ачылды. «Каризма Трейд»  аттуу компания  нымдуу жүз аарчыларды чыгарат. 

Маалыматка ылайык,  «Айыл Банктын» колдоосу  менен  фирма лизингге  жабдууларды сатып алышкан. Аппараттарды сатып алышкан. Ишкананын продукцияларын кыргызстандагы бардык соода түйүндөрүнөн тапса болот. 

Мындан тышкары, продукциялар Бажы биримдигине кирген мамлекеттерге экспорттолот. Алдыда тазалоочу каражаттарды чыгаруу пландаштырылууда.