Жаңылыктар
Токмоктогу массалык уулануу катталган «Мегаполис» кафеси жабылды
Ден соолук
Токмоктогу массалык уулануу катталган «Мегаполис» кафеси жабылды

Массалык уулануу  катталган  Токмок шаарындагы «Мегаполис» кафеси жабылды.  

Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгында уулануу сальмонеллёз бактериясынан  болгону аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, уулануунун белгилери  менен 174 киши медициналык жардам сурап кайрылган. Анын  78и  ооруканага жаткырылган. 

Учурда   Токмоктогу аймактык ооруканада 10 адам дарыланып жатат.  «Мегаполис» кафесинде 29-июнда үйлөнүү тою өтүп,  чакырылган  256 кишинин  ичинде  Токмок шаарынын, Чүй, Сокулук, Ысык-Ата райондорунун, Бишкек шаарынын,  Кочкор районунун, Ысык-Көл облусунун тургундары жана Россиядан  меймандар келген.