Жаңылыктар
Кыргызстан - Швейцария кызматташтыгы: бир катар документтерге кол коюлду
Саясат
Кыргызстан - Швейцария кызматташтыгы: бир катар документтерге кол коюлду

Кыргызстан менен Швейцария мамлекети эки тараптуу кызматташтык алакасын бекемдеп, алдыда өнүктүрө турчу эң олуттуу багыттар экспортту илгерилетүү, ишкерлик үчүн шарттарды түзүү жана мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгүн өнүктүрүү болмокчу. Бул маселелер Президент Сооронбай Жээнбековдун Цвейцарияга болгон расмий иш сапарынын алкагында, бул өлкөнүн Президенти Ули Маурер менен болгон жолугушуусунда талкууланды. Тараптар мындан сырткары өлкөлөр үчүн кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча, анын ичинде демократияны өнүктүрүү процесстери тууралуу пикир алышты.

Швейцария Конфедерациясынын Берн шаары. Президент Сооронбай Жээнбековду калаадагы “Лон Манор” резиденциясында Швейцариянын президенти Ули Маурер тозуп алды. Лидерлердин расмий жолугушуу аземи мына ушул жерге белгиленген. Резиденцияда Кыргызстандын жана Швейцариянын мамлекеттик желектери көтөрүлүп, Ардактуу кароол тизилген. Эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырган соң, президент Сооронбай Жээнбеков жана Ули Маурер Ардактуу кароолду кыдырышты.

Андан соң президенттер эки тараптын расмий делегация мүчөлөрү менен таанышты.

Эки президенттин расмий жолугушуусунан соң, тар чөйрөдөгү жана кеңири курамдагы жыйындар өттү. Швейцариянын президенти Ули Маурер 25 жыл өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана достуктун духунда өткөнүн белгиледи. Ал Сооронбай Жээнбековду өлкөдөгү позитивдүү өзгөрүүлөр менен куттуктап, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга тыштан да көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Ули Маурер өз ара кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык өнүгүп жатканын, саясий диалог жогорку деңгээлде деп белгиледи. Учурда Швейцария Кыргызстанда саламаттык сактоо, экономикалык өнүктүрүү, мамлекеттик башкаруу, айыл чарбасы, энергетика, суу ресурстары жана климат чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду ишке ашырып жатканын канааттануу менен белгиледи. Мындан ары экспортту илгерилетүү, чакан жана орто бизнеске шарт түзүү жана мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгүн өнүктүрүү эң олуттуу багыттардан. Туризм тармагы да өзгөчө белгиленди.

Президенттердин сүйлөшүүлөрүнүн жыйыныгы менен бир катар документтерге кол коюлду. Алар чакан жана орто ишканалардын тышкы базарларга жетүүсүн кеңейтүү, суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү, Кыргызстандын мамлекеттик карызды башкаруу системасын бекемдөө, кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү жана суу ресурстарын интеграциялык башкаруу чөйрөсүндө кызматташуу багыттарын камтыды.

Президент Швейцарияга болгон расмий сапарынын алкагында Швейцариянын Федералдык жыйынынын төрагасы Марина Гушетти жана Улуттук банкынын Төрагасы Томас Йордан менен жолугушат. Андан сырткары өлкө башчысы Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат, ага Кыргызстандан барган ишкерлер дагы катышмакчы.