Жаңылыктар
Мүмкүнчүлүгү чектелгендер колдоого муктаж
Кыргызстан жаңылыктары
Мүмкүнчүлүгү чектелгендер колдоого муктаж

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын көйгөйлүү маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарыл. Бул туурасында Азиздер жана дүлөйлөр коомунун башчысы Калык Мамбетакунов премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кабыл алганда билдирди. 

Анын айтымында, бул жарандарды турак-жай менен камсыздоо, алар үчүн заманбап реабилитациялык борборлордун жана ден-соолук чыңдоочу жайлардын тейлөөсүн уюштуруу маселеси актуалдуу.

Маалыматтар боюнча, учурда республика боюнча болжол менен 168 миң мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар, алардын 18 миңи Бишкек шаарында жашайт.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын басымдуу бөлүгү турак-жайга муктаж. Жакынкы арада Ош шаарында алар үчүн 45 батирлүү көп кабаттуу турак-жайдын курулушу бүткөрүлдү», - деди Калык Мамбетакунов. 

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, бардык айтылган сунуштар иликтенип, колдо болгон мүмкүнчүлүктөргө ылайык каралат.