Жаңылыктар
Улуттук көркөм тасмаларды жаратуу үчүн эң мыкты кинодолбоорлорго сынак жарыяланат
Маданият
Улуттук көркөм тасмаларды жаратуу үчүн эң мыкты кинодолбоорлорго сынак жарыяланат

Кинематография департаменти улуттук көркөм тасмаларды жаратуу үчүн эң мыкты кинодолбоорлорго сынак жарыялайт. Сынак өткөрүү мөөнөтү 2019-жылдын 08.07 – 08.08 чейин. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тасманын өндүрүшүн каржылоо мамлекеттик каржылык колдоонун эсебинен субсидия түрүндөгү толугу менен же жартылай ишке ашырылат.


Сынакка катышуунун шарттары жана тартиптери:
Сынакка менчик түрүнө карабастан Кыргызстандагы баардык кинематография мекемелери жана кинодолбоорлордун продюсерлер катыша алат.
Кинодолбоор социалдык маанилүү, заманбап тематиканы камтууга, коомдун жалпы кабыл алынган, жарандык жана адеп-ахлактык идеалдарына туура келүүгө, чыгармачылык өзгөчөлүккө жана таасирдүүлүккө ээ болууга, таланттуу жаштардын киноискусстводогу изденүүсүнө түрткү берүүгө, кинонун, аны менен бирге балдар жана өспүрүмдөр үчүн кинонун өнүүгүсүнө көмөк көрсөтүүгө тийиш.

Сынактык иш кагаздар пакети менен стандартуу почталык чапталган конверт беш нускада Кинематография департаментине жөнөтүлүүсү керек жана электрондук түрү CD-дискте тапшырылып же goskinokg@mail.ru дарегине жөнөтүлүүсү зарыл. Билдирменин кагаз түрүндөгү варианты электрондук түрүндө сунушталган варианты менен бирдей болууга тийиш.


Башка жолдор менен сунушталган билдирмелер каралбайт. Сынакка жөнөтүлгөн билдирмелер рецензияланбайт жана кайра кайтарылбайт.
Буга чейин субсидия түрүндө мамлекеттик колдоого ээ болгон долбоорлор бул сынакка катыша албайт.

Сынакка катышуу үчүн зарыл документтердин жана материалдардын тизмеси:
- Кинематография департаментинин директорунун атына жолдомо кат;
- чыгармачылык долбоордун билдирмеси;
- сценарийдин авторунун колу коюлган тасманын кыскача синопсиси;
- продюссер жана режиссер тарабынан бекитилген календарлык план;
- тасманын сценарийи;
- сценарий тууралуу кинематография мекемесинин көркөм кеңешинин чечими, көркөм кеңеши жок болгон учурда сценарий жөнүндө үчтөн кем эмес кинодраматургдардын рецензиялары же пикирлери;
- сценарийдин авторунун, тасманын режиссерунун жана продюссеринин өздүгүн ырастоочу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн тастыктоочу документтеринин көчүрмөлөрү;
- тасманы тартууга автордук келишимдердин көчүрмөлөрү жана адабий түпкү жазма булактарды кинематографиялык колдонуу учурунда экранизациялоого өзгөчө автордук укук алуу жөнүндө келишимдин көчүрмөсү;
Режиссердун фильмографиясы, режиссердун кесиптик билим тууралуу дипломдун көчүрмөсү жана/же эл аралык кинофестивалдарда сыйлыктарга татыган жогорку көркөмдүктө киночыгармаларды жаратууда тажрыйбасы бар же көрүүчүлүк ийгиликтерге жетишкен кинорежиссер;
- талап кылынып жаткан суммадан жана продюссердин эсебинен сарпталуучу жалпы чыгымдарды камтыган, сом түрүндөгү чыгымдар сметасы;
- кинодолбоордун пландалган каржылоо өлчөмдөрүн жана булактарын тастыктоочу иш-кагаздар (тасманын өндүрүшүн бюджеттен сыркары булактардан каржылоону тастыктоочу иш-кагаздардын көчүрмөлөрү);
- кинодолбоордун продюсеринин ыйгарым укугун тастыктоочу иш-кагаз;
- кинодолбоорду ишке ашыруучу кинематография мекемесинин жана продюсердин ишмердүүлүктөрүнүн негизги багыттары жана иш тажырыйбалары;
- материалдык-техникалык жана кадрлык каражаттар;
- мекеменин уюштуруу иш-кагаздарынын көчүрмөлөрү;
- продюсердин фильмографиясы;
- салык органдарынан салык төлөөчүнүн милдеттеринин аткарылуусу тууралуу маалымкат.

Сынакты өткөрүүнүн мөөнөттөрү:
Биринчи этап – сынакка билдирмелерди кабыл алуу 2019-жыл 08.07 – 08.08;
Экинчи этап – 2019-жылдын 23-августуна чейин Эксперттик комиссия тарабынан келип түшкөн билдирмелер каралып, сынактын жыйынтыктары чыгарылат.