Жаңылыктар
Бишкек шаарында "Оймо" эл аралык фестивалы өтөт
Маданият
Бишкек шаарында "Оймо" эл аралык фестивалы өтөт

Жыл сайын өтүп келген салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык "Оймо" фестивалы быйыл Бишкекте 25-июль күнү башталат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Фестивалдын уландысы Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 29-июлдан 4-августка чейин болмокчу. Быйыл фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Афганистан, Өзбекстан, Грузия, Россия, Индия жана башка өлкөлөрдүн кол өнөрчүлөрү катышат.

Фестивалдын максаты – Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, каада-салттардын муундан-муунга өтүүсүн жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу. Андан сырткары, Ысык-Көлдү маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу.